Жалал-Абад облусунун башчысы Арстанбаптагы токой аянттарын сактоо жумуштары менен таанышты - ИА Караван Инфо
Жалал-Абад облусунун башчысы Арстанбаптагы токой аянттарын сактоо жумуштары менен таанышты

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы токой аянттарын сактоо жумуштары менен жеринен таанышты. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Облус башчысы айыл аймактагы Кызыл-Үңкүр, Арстанбап, Ачы жана Каба токой чарбасы, Дашман жаратылыш коруктарынын аянтын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Ага катар жергиликтүү бийлик жана токой чарба кызматкерлери менен токой экосистемасын өнүктүрүү үчүн, калктуу конуш жана мал-жандыктардан сактоо максатындагы тосмолоо планын көрүп чыкты.

Белгилей кетсек, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагындагы токойлордун жалпы аянты 105 миң 365 гектарды түзөт. Анда басымдуу жаңгак жана башка дарактын түрлөрү өсөт.

Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл тарабынан Арстанбап-Ата айылындагы туристтик шарттарды жакшыртуу боюнча жергиликтүү бийликке тапшырмалар коюлган. Ага ылайык, айылдагы “Көк-Арт” участкасына этно-туристтик эс алуу комплексин, “Кичи шаркыратма-Жаңы базар” участкасына асма жол куруу долбоорун демилгелеген. Тилек Текебаев берилген тапшырманын негизинде даярдалган долбоорду көрүп, кошумча сунуш-пикирлерин билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: