Жалал-Абад шаарында 9-ноябрда үйлөргө жылуулук берилет - ИА Караван Инфо
Жалал-Абад шаарында 9-ноябрда үйлөргө жылуулук берилет

Жалал-Абад шаарында 9-ноябрдан тарта бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунан кабарлашты.

Борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу шаардагы 80 даана көп кабаттуу үй, 30 дан ашуун бюджеттик жана коммерциялык мекемелер жылуулук менен камсыздалат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 откана болсо, анын баардыгы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1200 тонна көмүр, 300 тоннадан ашуун мазут камдалып, учурда кышка толугу менен даяр абалда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: