Жалал-Абадда мектеп өрттөнүп кетти - ИА Караван Инфо
Жалал-Абадда мектеп өрттөнүп кетти

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан №11 Саймалуу-Таш орто мектебинен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо тууралуу маалымат 15-декабрь 18:46да түшүп, түнкү саат 22:28де толугу менен өчүрүлгөн. 

Тилсиз жоо менен каршы күрөшүүдө куткаруучулардын ыкчам аракети менен мектепке улай салынган (2020-жылы курулуп пайдаланууга берилген) ашканасы сакталып калды.

Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп жана парта, ж.б. эмеректери сыртка чыгарылып, учурда Тогуз-Торо району боюнча ӨКБнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан өрт болгон жерге тийиштүү кароолорду жүргүзүү менен өрттөн келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: