Жаратылыш ресурстар министрлиги Токтогул суу сактагычындагы браконьерлерге каршы күрөштү улантууда – ИА Караван Инфо
Жаратылыш ресурстар министрлиги Токтогул суу сактагычындагы браконьерлерге каршы күрөштү улантууда

Жаратылыш ресурстар министрлигинин биоресурстар башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын, экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын жана «Flora&Fauna International»  бейөкмөт уюмунун кызматкерлери менен биргеликте Токтогул суу сактагычында рейддик иш-чараларды өткөрүштү. 

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө: 

1. Адамдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурган жана балык уулоодо синтетикалык торлорду колдонуу менен пайдаланылып жаткан 12 ээсиз сүзүүчү каражаттар (казанкалар) алынды. 

2. Браконьерликтин 1 фактысы аныкталып, балык уулоо куралдарын (синтетикалык торлор, сүзүүчү каражаттар) конфискациялоо менен 5500 сомдук протокол түзүлдү. 

3. 3000 метрге жакын синтетикалык торлор чогултулган. 

Жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча алынган сүзүүчү каражаттар материалдар сот органдарына берилгенге чейин Токтогул райондук мамлекеттик администрациясына сактоого өткөрүлүп берилди. Чогулган синтетикалык торлор Министрлер Кабинетинин 12.07.2024-жылдын 378-токтому менен бекитилген синтетикалык балык уулоочу торлорду жана Электролиттик системаларды жок кылуу тартибине ылайык жок кылынды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: