Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 18-декабрда III Элдик курултайдын 30 делегаты менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Делегаттар Россия Федерациясынан, АКШдан, Канададан, Түркиядан, Германиядан, Кореядан, Казакстандан, Чехиядан, Италиядан жана Улуу Британиядан келген диаспоралык уюмдардын жана мекендештер бирикмелеринин өкүлдөрү болуп саналат.
Жолугушуу учурунда министр КР Тышкы иштер министрлигинин чет жактагы кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берди.
Айрыкча, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерибиздин мыйзамдуу укуктарын камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун катышуучулары өз диаспораларын тааныштырып, чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктар туш болгон актуалдуу көйгөйлөрдү белгилеп өтүштү.
Министр Ж.Кулубаев делегаттардын сунуштары жана көтөрүлгөн көйгөйлөр министрликтин көңүл чордонунда боло тургандыгын белгилеп, диаспоралар менен байланышты чыңдоо, жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштер улантыларын билдирип, делегаттардын сунуштары Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
