Жээнбек Кулубаев Япониянын элчиси Хидэки Годаны кабыл алды - ИА Караван Инфо
Жээнбек Кулубаев Япониянын элчиси Хидэки Годаны кабыл алды

Үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Кыгызстандагы элчиси Хидэки Годаны кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин, анын ичинде президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын ноябрындагы Японияга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.

Министр ошондой эле климаттык күн тартибинин маанилүүлүгүн баса белгилеп, япон тарапты жашыл экономика долбоорлорун биргелешип активдүү илгерилетүүгө чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу да болуп өттү.

Жолугушуунун жыйнтыгында тараптар эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтулуу ниеттерин тастыкташты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: