Санкт-Петербург шаарында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПАА) Социалдык маселелер жана адам укуктары, коргоо жана коопсуздук, ошондой эле мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасын изилдөө боюнча туруктуу комиссияларынын жыйындары өттү.
КМШ ПААнын Мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасын иликтөө боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына Жогорку Кеңештин депутаты, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Бахридин Шабазов катышты. Эл өкүлү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чек ара кызматташтыгын ишке ашыруу боюнча Сунуштамалардын долбооруна өзгөчө көңүл буруп, Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан күч-аракеттерге токтолду.
Ал эми КМШ ПААнын социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева төрагалык кылды. Отурумда 15 маселе каралып, депутат Винера Раимбачаева моделдик мыйзамдарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча сунуштарды киргизди.
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Кундузбек Сулайманов Коргоо жана коопсуздук боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынына катышты. Жыйында комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына Кундузбек Сулаймановдун талапкерлиги жактырылды. Жыйындын катышуучулары маселе боюнча бир добуштан токтом кабыл алышты.
Депутаттар жыйындын күн тартибиндеги 12 маселе боюнча токтом кабыл алышты, анын ичинде “Коомдук коопсуздук жөнүндө” мыйзамдын моделдик долбоору, ыкчам-иликтөө иши жөнүндө моделдик мыйзам долбоору жана бул чөйрөдөгү коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуу тажрыйбасы жана аны КМШ өлкөлөрүндө колдонуунун практикасы каралды.
Комиссия мүчөлөрү “Террористтик жана экстремисттик максаттарда автономдуу жана роботтук системаларды пайдаланууга каршы аракеттенүү жөнүндө” моделдик мыйзам долбоорунун концепциясы жөнүндө” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Мобилизациялык даярдык жөнүндө жана мобилизациялоо жөнүндө” моделдик мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маселелерди карашты.
КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев бардык иш-чараларга катышты.
11-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Санкт Петербургда өткөн чек ара кызматташтыгына жергиликтүү бийликтин катышуусу боюнча семинарга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Шериктештик өлкөлөрүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбалары көрсөтүлдү.
Талкуунун өзөгүн төмөнкү маселелер түздү: мамлекеттер аралык, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдеги чек ара кызматташтыгын укуктук камсыздоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чек ара кызматташтыгын ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктары, муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү чек ара кызматташтыгынын ролу.
Иш-чаранын катышуучуларына Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Башкы катчысынын куттуктоо сөзү менен кайрылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
