Жогорку соттун төрагасы ЮСАИДдин «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси менен жолугушту - ИА Караван Инфо
Жогорку соттун төрагасы ЮСАИДдин «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси менен жолугушту

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев ЮСАИДдин «Укук булагы» долбоорунун жетекчиси Фред Хьюстон менен жолугушту.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов дагы катышты.

Тараптар сот тутумундагы жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле «Укук булагы» долбоорунун алкагында мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү.

Мындан тышкары, адамдарга багытталган сот адилеттигинин принциптерин илгерилетүү сот системасын өркүндөтүү үчүн эл аралык системанын инструменттерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү менен соттордо ишти активдүү жүргүзүүнүн практикалык аспектилерин талкуулашты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: