Жумгалда ата-баланы издөөгө 33 адам тартылды
Жумгал районунун Өрнөк айылында ата-баланы издөө иштери бүгүн саат 9:28де башталды.
ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, издөө иштерине жалпы 33 адам жана 4 рация, 2 дүрбү, 1 куткаруу унаасы тартылды.
Издөө иштери Кызыл-Коргон (Өрнөк) айылынын этегинен баштап, аскер көпүрөсүнө чейин жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Нарын облусунун Жумгал районунда 16-октябрь күнү 1979-ж.т. К.Б. жана уулу 2015-ж.т. С.Б. мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.
Кошумча маалымат берилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
