Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө 56 адам чыкты - ИА Караван Инфо
Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө 56 адам чыкты

Жумгалда жоголгон ата-баланы издөөгө бүгүн, 4-ноябрда 56 адам чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар миинистрлигинен билдиришти. 

Ошондой жле төрт дрон тартылган. 

Анын ичинен ӨКМден 18 куткаруучу 2 дрон менен ӨКМге караштуу Токой кызматынан 8 кызматкер, ИИМден 10 кызматкер, 2 дрон менен жана жергиликтүү тургундардан 20 адам.

Белгилей кетсек, Жумгал районунун Өрнөк айылынын тургундары 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу С.Б. ушул жылдын 16-октябрынан бери дайынсыз болууда. 

Президент Садыр Жапаров ата-баланы издөө иштерин күчөтүүнү тапшырып, ӨКМ менен ИИМдин кошумча күчтөрү тартылган.

Издөө натыйжалуулугунун жогорулатуу максатында дрондор дагы тартылган. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/