Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иштеринин активдүү фазасы токтотулду - ИА Караван Инфо
Жумгалда жоголгон ата-баланы издөө иштеринин активдүү фазасы токтотулду

Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылында мал кайтаруу үчүн жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө ишинен натыйжа болбогондугуна байланыштуу активдүү фазадагы издөө токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. 

Бүгүн, 13-ноябрда ӨКМ өкүлдөрү дайынсыз жарандардын ата-энеси менен жолугушуп, издөөнүн активдүү фазасы аяктаганын, бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турарын билдиришти.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 16-октябрында Жумгалда 1979-жылы туулган К.Б. жана анын уулу 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундар мал кайтарууга жайлоого кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрь күнү ӨКМге келип түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен бир айга жакын издөө иштери уланып, куткаруучулар менен жалпы 30дан 120га чейинки сандагы адамдардын коштоосунда жана дрондордун, дүрбү, рация, авариялык куткаруу унааларынын жардамында изделип келди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: