Жыл башынан бери Кыргызстанда 10 миңден ашык алдамчылык фактысы катталган - ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери Кыргызстанда 10 миңден ашык алдамчылык фактысы катталган

Бүгүн, 17-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында телефондук чалууларды, жасалма интеллектти жана банктык карталарды колдонуу менен жасалып жаткан алдамчылыктын алдын алуу жана аларды болтурбоого карата укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдардын маалыматтары угулду. 

Бул багытта ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат берди. Анын айтымында, ички иштер органдарынын өндүрүшүндө телефон аркылуу алдамчылыкка байланыштуу 867 кылмыш иштин ичинен 508и бети ачылды. Ошондой эле, банк карталарын алдамчылыкка байланыштуу 67 иш болсо, алардын ичинен 30у ачыкталды.

Депутат Арсланбек Эгембердиев алдамчылыкка айыпталган адамдардын жазадан эрте бошотуу фактылары боюнча айтып, буга көңүл бурууга чакырды.  Муну менен катар депутат алдамчылык аркылуу жабыркагандардын чыгымдарын тактады. Буга Нурбек Абдиев алдамчылыкка байланыштуу 903 млн сом чыгымдын 447 млн сому кайтарылган – деп жооп берди.  Депутат Эмил Токтошев алдамчылыкка байланыштуу айыпталган жарандарды, улуттук өзгөчөлүктөрүн, аларды токтотуу чараларын сурады. ИИМдин маалыматында алдамчылыкка байланыштуу 10328 кылмыш иши козголуп, алардын 7505инин бети ачылган. 

Эл өкүлү Айжигит Тыналиев интернет аркылуу баңги зат каражаттарын сатууга каршы күрөшүү багыттында ИИМдин иш-аракеттерин тактады. Депутат Миргүл Темирбаева коммерциялык банктардан насыя алып, жабыркаган жарандардын маселеси боюнча ИИМди көңүл бурууга чакырды. Муну менен катар депутат Лейлек районунда бир топ жылдардан бери жашап, документ ала албай жаткан өзбекстандык жаран боюнча маселени көтөрдү. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: