Жыл башынан бери Кыргызстанда кылмыштуу кол салуудан 41 бала каза болду - ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери Кыргызстанда кылмыштуу кол салуудан 41 бала каза болду

2024-жылдын январь-октябрында жашы жете электер тарабынан 1 385 кылмыш иши жасалган.

Мындай кылмыштардын эң көп саны уурулукка туура келет, кылмыш жасаган балдардын жалпы санындагы алардын салыштырма салмагы – 52,1 пайызды, тоноочулук – 12,1 пайызды, ээнбаштык – 8,8 пайызды жана алдамчылык – 5,8 пайызды түздү.

Муну менен катар, 2024-ж. январь-октябрында кылмыштуу кол салуулардан 1 368 жашы жете элек балдар жабыркаган. Балдардын эң көп саны уурулуктан жабыркаган, алардын үлүшү жабыркаган балдардын жалпы санынын 35,7 пайызын түзөт, тоноочулуктан – 11,8 пайызы, бейбаштыктан – 7,1 пайызы, он алты жашка толо элек балдар менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерден – 6,5 пайызы, зордуктоодон – 5,8 пайызы жана алдамчылыктан – 5,3 пайызы жабыр тарткан.

Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында 41 бала каза болгон, ал эми 305 бала денесинен жаракат алышкан.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: