Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 8,4%га көбөйдү - ИА Караван Инфо
Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 8,4%га көбөйдү

Кыргызстандын ички дүң продукту 2024-жылдын январь-сентябрында алдын ала баалоо боюнча, 952 млрд. жакын сомду түздү жана 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 8,4 пайызга көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2024-жылдын январь-сентябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 394 миллиард сомдун тегерегин түздү жана 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу тазаланган мунай продуктуларынын (1,8 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (32,5 пайызга), тамак-аш азыктарынын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки буюмдарынын (22,6 пайызга), текстиль өндүрүшүндө жана кийим-кече өндүрүшүндө (13,2 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарынын (8,8 пайызга), ошондой эле фармацевтикалык продукциянын (5,9 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 4,2 пайызга көбөйдү.

Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 36,9 пайызды, дүң жана чекене соода – 16,6 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 6,7 пайызды түздү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: