Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2024-жылдын 29-мартында Кыргызстандын Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын тең төрагаларынын (Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар калган тилкелерде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн чек ара сызыгын мындан ары тактоодо олуттуу жыйынтыктарга жетишти. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы иштерди улантуу боюнча тапшырмалар берилди.
Бул өкмөттүк делегациялардын үстүбүздөгү жылдын мартындагы үчүнчү жолугушуусу. Калган эки жолугушуу 2024-жылдын 3-мартында жана 16-мартында болуп өттү.
Буга чейин 2023-жылдын декабрь айында тараптар 120 чакырымдан ашык чек ара тилкелерин макулдашышкан, бул эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек аранын 90 пайызын тузот.