Кыргызстан сатып алуу механизмин жакшыртууда — ИА Караван Инфо
Кыргызстан сатып алуу механизмин жакшыртууда

Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен адистердин ортосунда борборлоштурулган сатып алуулар жаатында тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү. Бул жолугушуунун алкагында Грузиянын мамлекеттик сатып алуулар системасына сереп салынып, дары-дармектерди, автоунааларды, атайын техникаларды, мектеп эмеректерин, кеңсе кагаздарын жана башка товарларды борборлоштурулган сатып алуулар боюнча презентациялар өткөрүлдү. Мындан тышкары, борбордук сатып алуулардын керектөөлөрүн пландаштыруу жана баалоо үчүн Грузиядан келген электрондук курал көрсөтүлдү.

2023-жылы Кыргызстанда 77,2 млрд сомго 88 миңден ашык мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп, анын ичинен товарлар 30,2 млрд сомду, жумуштар 39,3 млрд сомду, кызмат көрсөтүүлөр 7,7 млрд сомду, консультациялык кызматтарды сатып алуунун көлөмү 0,023 млрд. сомго чейин түздү.

«2023-жылы 13 411 товардын түрү, 92 жеткирүүчү, 1 883 сатып алуучу уюм катталып, алар менен 1 004 келишим түзүлгөн», — деп айтылат Финансы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

error: