Кыргызстанда экотехнологиялык ишкана курулат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров катуу тиричилик калдыктарын (күнүнө 850 тоннага жакын) кайра иштетуу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча экотехнологиялык заводдун курулушуна жол берди. Бул ишкана  Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында курулат.

«Бишкектеги санитардык полигонго тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү ишкана абдан зарыл болчу. Бүгүн катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетуу менен электр энергиясын өндүрүүчү заводдун курулушун баштайбыз. Ишканадан тышкары тазалоо системалары, турак-жай жана спорттук имараттар да курулат. Заводдун бүткөрүлүшү 2025-жылдын ноябрь айында күтүлүүдө» — деди А. Жапаров.

Борбор калаадагы экологиялык абалга токтолгон А. Жапаров Бишкекте эки жылдан бери шаардагы абаны булгоочу стационардык булактарды жоюу, калктуу конуштарды газдаштыруу, отканаларды газга өткөрүү жана экологиялык таза суу түрлөрүн жана коомдук транспортторун сатып алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи. “Жашыл Мурас” демилгесинин алкагында 600 миңден ашык жашыл аянтчалар отургузулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, ошондой эле таштандыларды кайра иштетүүчү жана өрттөөчү жаңы заводдордун курулуш долбоорлору Кыргызстандын 7 облусунда ишке ашыруусу улана турганын белгиледи. Тактап айтканда, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында таштандыларды өрттөөчү заводдорду куруу иштери жүрүп жатат. Акыркы учурда объекттин курулушун беларусиялык компания жүргүзуп жатат