Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров ири эл аралык Citibank жетекчилиги менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар каржы жана инвестиция тармагында кызматташуу жана мындан аркы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
CitiBank жетекчилиги Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө жана финансылык туруктуулукту чыңдоого көмөктөшүүчү финансылык долбоорлорду колдоого кызыкдар экендигин билдирди.
Тараптар бул жолугушуу Кыргызстан менен Citibank ортосундагы өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн баштапкы чекит болорун белгилешти.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Rotschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин талкуулады. Башкармалыктын мүчөсү компаниянын республика менен мындан аркы кызматташууга жана экономиканы модернизациялоого жана каржы системасын жана өлкөнүн тоо-кен тармагын чыңдоого салым кошкон долбоорлорду колдоого кызыкдар экенин билдирди.
А.Жапаров туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана инвестиция тартуу үчүн Rotschild & Co сыяктуу алдыңкы каржы институттары менен иштешүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.