Орусия Кыргызстандагы калдык сактоочу жайларды реабилитациялоого 2 миллиарддан ашык каражат бөлөт — ИА Караван Инфо
Орусия Кыргызстандагы калдык сактоочу жайларды реабилитациялоого 2 миллиарддан ашык каражат бөлөт

Россия менен Кыргызстандын ортосунда келишим даярдалып, ага ылайык Россия республикадагы Кажы-Сайдагы (Тоң району), Сумсардагы (Чаткал району) жана Канедеги (Кадамжай району) 3 калдык сактоочу жайды рекультивациялоого 2 миллиард рублдан ашык каражат бөлүүгө ниеттенүүдө. Таш-Көмүр шаарында жана Ноокат районунда 2 тоо таштандылары.

Кыргызстанда жалпысынан 92 калдык сактоочу жай болсо, анын 62си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансында. Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов төмөнкүлөрдү билдирди:

«2013-жылы мамлекет аралык максаттуу рекультивация программасын түзүү боюнча иштер башталган. Биздин өлкөдө ага Кажы-Сайдагы жана Миң-Куштагы объектилер кирген. Фонд түзүлүп, анын 75 пайызын Орусия, 15 пайызын Казакстан, 5 пайызын Кыргызстан менен Тажикстан берген. Биздин республика 2 миллиард 700 миллион рубль алды. Кажы-Сайдагы иштер бүткөрүлүп, МАГАТЭнин адистери аны жогору баалашкан. Азыр Ысык-Көлгө эч кандай коркунуч жок. Миң-Куштагы иштер ушул жылдын күз айларында бүткөрүлөт”.

error: