Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министринин орун басары Руслан Татиков «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына барып, «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорунун жүрүшү менен таанышты.
Yч компоненттен турган долбоордун жалпы баасы 10 миллион еврону түзөт. Долбоордун максаты – Ош шаарында таштандыларды башкаруу системасын комплекстүү жакшыртууну камтыган катуу тиричилик калдыктарын башкаруунун системалуу механизмин түзүү (Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташуу жана андан кийин көмүү).
Ошондой эле шаар уруксат берген таштанды полигонун рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу аркылуу экологиялык абалды жакшыртуу пландаштырылууда.
Учурда «Ош-Тазалык» ишканасы тарабынан 26 таштанды ташуучу унаа, 1332 таштанды контейнери сатылып алынып, 300 орундуу контейнердик аянтчалар курулуп, административдик имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Долбоор 2032-жылга чейин бүтөрү күтүлүүдө.