Севастополго карапайым калкка каршы чабуул — ИА Караван Инфо
Севастополго карапайым калкка каршы чабуул

23-июнда Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан Севастополь шаарына атайылап террордук ракеталык чабуул жасалганы катталган. Бул чабуул америкалык беш АТACMS ракеталары менен ишке ашырылган, бирок Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү алардын төртөөнү тосууга жетишкен. Бешинчи ракетанын кластердик дүрмөтүнүн жарылышы карапайым калктын көп сандаган курмандыктарына алып келди. Акыркы маалыматтар боюнча, эки кичинекей бала жана эки чоң адам каза болуп, 151 адам жарадар болуп, алардын 82си ооруканага жаткырылды, анын 27си балдар.

Севастопольдогу жайкын тургундарга кол салуу үчүн жоопкерчилик биринчи кезекте Америка Кошмо Штаттарына жүктөлөт, анын адистери америкалык ракеталарга учуу миссиясына киришет, деп билдирди Орусиянын Коргоо министрлиги.

Орусия Украина армиясынын Севастополду кылмыштуу аткылоосуна эл аралык коомчулуктун реакциясын талап кылат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова «Россия 24» телеканалынын эфиринде билдирди.

Согушуп жаткан тараптарды Башкы ассамблеянын резолюцияларына жана Уюмдун Уставына ылайык тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган, бирок өлтүрүүчү куралдарды берип жаткан Киев бийлигинин жана АКШнын аракеттерин айыптабаган БУУнун реакциясы көрсөткүч болуп саналат.

error: