Си Цзиньпин Олаф Шольц менен Украина кризисин талкуулады
Германиянын канцлери Олаф Шольц расмий иш сапары менен Пекинге келди. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен бирге украин кризиси боюнча маселени талкуулашты. Тараптар ядролук куралды колдонуу, тынчтык максаттагы өзөктүк объектилерге кол салуу кабыл алынгыс экенин баса белгилешти.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы ошондой эле украин кризисин токтотуу үчүн чыр-чатактын бардык тараптарынын кызыкчылыгын керек экенин билдирди. Си Цзиньпин белгилегендей, азыркы учурда туруктуу дүйнөлүк экономиканы сактап калуу маанилүү, башкача айтканда, дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына терс таасирин азайтуу зарыл.