Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде олигархтар Кыргызстанга эмне үчүн инвестиция салгылары келбей жаткандыгын айтып берген.
Президенттин айтымына караганда, Кыргызстанда доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионер бар.
“Көпчүлүгү акчаларын офшорлордо сакташат. Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.
Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин”, – дешкен ал.
