Садыр Жапаров: Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер бар - ИА Караван Инфо
Садыр Жапаров: Биздин өлкөдө доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер бар

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде олигархтар Кыргызстанга эмне үчүн инвестиция салгылары келбей жаткандыгын айтып берген. 

Президенттин айтымына караганда, Кыргызстанда доллар менен өлчөнгөн 5-6 миллиардер, 200дөй миллионер бар.

“Көпчүлүгү акчаларын офшорлордо сакташат. Ошол үчүн легализация мыйзамын кабыл алып бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнгө чейин акчаларын өлкөгө толук алып кирише элек. Жарым-жартысы алып келип, курулуш тармагына салып жаткандар бар.

Мен аларга “коркпой алып келгиле, жогоруда мен айткан долбоорлорго катышкыла” деп айтар элем. Кечээ Чүйдөгү заводдун ачылышында айтканымдай, позиция-оппозиция деп бөлбөй экономикага, мамлекетке пайда алып келе турган долбоорлорго катыштырып, колдоого даярбыз. Ошол эле сындап жаткандар, журналисттер жол эле эмес, бардык тармактарга инвесторлорду таап келишсин, катышсын, алып иштетишсин”, – дешкен ал.

error: