Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россия Федерациясына КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев;
– Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.
Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.
