Президент иш сапары менен Россияга жөнөп кетти — коштоп кеткендер - ИА Караван Инфо
Президент иш сапары менен Россияга жөнөп кетти — коштоп кеткендер

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, иш сапары менен Россия Федерациясына КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;

– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

– Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Боконтаев;

– Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;

– Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.

Эскерте кетсек, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

error: