Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда
Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Байзак айылында 120 орундуу бала бакча курулууда.
Мамкурулуштан кабарлашкандай, объекттин курулуш иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Долбоор боюнча заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу имарат, откана, сырткы ажатканасы жана оюн аянтчасы каралган.
Бала бакчанын жалпы аянты 1330 чарчы метрди түзөт.
