Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда - ИА Караван Инфо
Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Байзак айылында 120 орундуу бала бакча курулууда. 

Мамкурулуштан кабарлашкандай, объекттин курулуш иштери 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча заманбап техникалар менен жабдылган эки кабаттуу имарат, откана, сырткы ажатканасы жана оюн аянтчасы каралган.

Бала бакчанын жалпы аянты 1330 чарчы метрди түзөт.

error: