"Бош кызмат орундар жок" — Билим берүү министрлиги №69 мектептин айланасындагы окуя боюнча үн катты - ИА Караван Инфо
"Бош кызмат орундар жок" — Билим берүү министрлиги №69 мектептин айланасындагы окуя боюнча үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги Т.Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин иштен кетиши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин берген маалыматына таянып төмөндөгүлөрдү билдирет.

2024-жылдын 2-сентябрынан тарта Т. Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана 9 мугалим өз каалоосу менен иштен бошогон.

Азыркы учурда мектеп штаттык режимде иштөөдө жана бош кызмат орундар жок.

Мурда Бишкек шаарында 37 статустуу мектеп бар болчу. 2024-жылдын 1-сентябрына карата статусу бар 11 жалпы билим берүү уюмунун “лицей” жана “гимназия” түрүндө аккредитациялык сертификатынын мөөнөтү бүттү. Ал эми 26 мектепте аккредитациялык сертификаттардын күчү сакталууда (орточо алганда 2028-жылга чейин).

Министрлер Кабинетинин 27-жылдын 2024-августундагы №519 Токтомуна ылайык, “мектеп-гимназияларда (гимназияларда-интернаттарда) жана мектеп-лицейлерде (лицей-интернаттарда) иштеген педагогикалык жана жетекчи кызматкерлерге 2024-жылдын 18-августуна карата абал боюнча аталган жалпы билим берүүчү уюмдарды аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын мөөнөтү колдонулган мезгилге тиешелүү түрдө 15 жана 20 пайызга жогорулатылган ставкалардын жана кызматтык маяналардын өлчөмдөрү сакталат” деп белгиленген.

error: