Билим берүү жана илим министрлиги Т.Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин иштен кетиши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин берген маалыматына таянып төмөндөгүлөрдү билдирет.
2024-жылдын 2-сентябрынан тарта Т. Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана 9 мугалим өз каалоосу менен иштен бошогон.
Азыркы учурда мектеп штаттык режимде иштөөдө жана бош кызмат орундар жок.
Мурда Бишкек шаарында 37 статустуу мектеп бар болчу. 2024-жылдын 1-сентябрына карата статусу бар 11 жалпы билим берүү уюмунун “лицей” жана “гимназия” түрүндө аккредитациялык сертификатынын мөөнөтү бүттү. Ал эми 26 мектепте аккредитациялык сертификаттардын күчү сакталууда (орточо алганда 2028-жылга чейин).
Министрлер Кабинетинин 27-жылдын 2024-августундагы №519 Токтомуна ылайык, “мектеп-гимназияларда (гимназияларда-интернаттарда) жана мектеп-лицейлерде (лицей-интернаттарда) иштеген педагогикалык жана жетекчи кызматкерлерге 2024-жылдын 18-августуна карата абал боюнча аталган жалпы билим берүүчү уюмдарды аккредитациялоо жөнүндө сертификаттын мөөнөтү колдонулган мезгилге тиешелүү түрдө 15 жана 20 пайызга жогорулатылган ставкалардын жана кызматтык маяналардын өлчөмдөрү сакталат” деп белгиленген.
