Кыргызстанда күрүч өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда күрүч өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө

Кыргызстанда күрүч өндүрүүнүн көлөмү жыл сайын өсүүдө, деп билдирет Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. 

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, эгерде 2019-жылы күрүчтү өндүрүү 41 миң тоннаны түзсө азыркы тапта анын көлөмү 7 миң тоннага чейин жогорулап, 47-48 миң тоннаны түзөт.

“Бул кыргыз фермерлери ички рыноктун муктаждыгын камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүгү бар экендигинен кабар берет. Ошол эле учурда Кыргызстандын күрүчүнүн сапаты жогору жана аны өстүрүүдө органикалык ыкмалар гана колдонулгандыгына байланыштуу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн да чоң суроо талапка ээ. Бирок, күрүч өлкөдө популярдуу азык болгондуктан, жергиликтүү тургундар күрүчтүн улуттук сортторуна артыкчылык берип, экспорттун жылдык көлөмү 600 тоннадан ашпайт”, – деп айтылат маалыматта. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: