Бишкекте эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты - ИА Караван Инфо
Бишкекте эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

Бишкек шаарына караштуу Свердлов районунда ГЭС-2 айылынын Суворов көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жерине жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан (ККББ) башкаруу унаасы менен ыкчам топ тартылган.

Жалын саат 11:40та толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 130 чарчы метрди түзгөн. Жабыркагандар жок.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/