Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды
Баку – Грозный каттамын аткарган Embraer 190 учагынын кыйрашына байланыштуу Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.
AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.
“Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, 2024-жылдын 26-декабрында Азербайжан Республикасынын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим”, — деп айтылат президенттин буйругунда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
