Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды - ИА Караван Инфо
Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Баку – Грозный каттамын аткарган Embraer 190 учагынын кыйрашына байланыштуу Азербайжанда 26-декабрь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

AZERTAC агенттигинин маалыматына ылайык, мындай буйрукка Азербайжандын президенти Илхам Алиев кол койду.

“Кырсыктан каза болгондордун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, 2024-жылдын 26-декабрында Азербайжан Республикасынын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялоону чечтим”, — деп айтылат президенттин буйругунда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: