Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары 2024 - ИА Караван Инфо
Экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары 2024

Швециянын Королдук Илимдер академиясы 2024-жылдагы экономика боюнча Нобель сыйлыгынын ээлерин жарыялады. Сыйлык Дарон Асемоглу, Саймон Жонсон жана Джеймс А.Робинсонго институттардын калыптанышы жана алардын социалдык бакубаттуулукка тийгизген таасири боюнча изилдөөлөрү үчүн берилди.

Лауреаттар экономикалык жана саясий институттардын өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө, алардын бакубаттуулугунун деңгээлине жана экономикалык өсүшкө кандай таасир тийгизерин түшүнүүгө маанилүү салым кошушту. Бул изилдөөлөр эмне үчүн кээ бир өлкөлөр гүлдөп, башкалары жакыр бойдон калып жатканын түшүндүрүүгө жардам берет.

Экономика боюнча Нобель сыйлыгы Швециянын Улуттук банкы тарабынан Альфред Нобелдин элесине арналып негизделип, экономикалык изилдөөлөр тармагындагы көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн ыйгарылат.

Буга чейин медицина, физика, химия жана адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары да аталып, 2024-жылдагы Нобель Тынчтык сыйлыгы Хиросима жана Нагасакидеги жардыруулардан аман калгандарды бириктирген жапон уюму Нихон Хиданкёго ыйгарылган.

Сүрөт: nobelprize.org

error: