“АгроТехЭкспо-2024” – бул Кыргыз Республикасындагы дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын сунуш кылуучу көргөзмө болуп эсептелет.
Көргөзмөнүн негизги максаты агрардык тармактын мүмкүнчүлүктөрүн инвесторлорго сунуштоо жана айыл чарба техникаларын сатууда атаандаштыкты жаратуу, фермерлердин заманбап агроөнөржай технологиялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Көргөзмө Бишкекте 20000 чарчы метрден ашык аянтта өтөт. Ошондой эле, көргөзмөдө дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, энергетикалык каражатар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, көргөзмөнүн негизги экспонаттары болуп Джон Дир, Клаас, Лемкен, Нью-Холанд, МТЗ, Ростсельмаш, УТО, Фотон-Ловол, Зумлион, Гомсельмаш жана башка дүйнөдөгү алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөрүнүн техникалары сунушталат.
Айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын 250 дөн ашык түрлөрү, анын ичинде тракторлор, комбайндар, жер иштетүү техникалар, себүүчү машиналар жана кайра иштетүү өнөр жайы үчүн жабдуулар көрсөтүлөт.
Көргөзмөнүн алкагында шаардыктарга жана борборубуздун конокторуна айыл чарба продукциясынын бардык түрлөрүн сатуу үчүн “Алтын-Күз” жармаңкеси уюштурулат, жана бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди жеткиликтүү баада сатып ала алышат.
