Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун жетекчилиги алдында кезектеги III Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Уюштуруу комитетинин толук курамы катышкан жыйында, алгач президенттин жана министрлер абинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн, пПрезиденттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин маалыматтары угулду.
Ага ылайык, кезектеги III Элдик курултайга өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынан 700 делегат бөлүштүрүлгөн квоталардын негизинде шайланып келет.
Делегаттарды шайлоо иштери үстүбүздөгү жылдын декабрь айында башталат.
Белгилей кетсек, III Элдик курултай президент Садыр Жапаровдун катышуусунда ушул жылдын 20-21-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлөт. Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик ведомстволорунун жетекчилери катышат.
Элдик курултайды өткөрүү – Кыргыз Республикасында элдик бийликтин негиздерин, улуттук аң-сезимди, элдин биримдигин жана ынтымагын мындан ары бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатын көздөйт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
