Бишкекте Улуттук климаттык форум башталды
Бишкекте “КС-29га жол: климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу” улуттук климаттык форум-диалогу башталды.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү катышууда.
Форумдун алкагында төмөнкүдөй негизги маселелер талкууланат:
– Кыргыз Республикасынын климатты өзгөртүү жаатындагы саясаты.
– Адаптациялоо чаралары жана жашыл экономиканы өнүктүрүү.
– Климаттык долбоорлорду эл аралык каржылоого жеткиликтүүлүк.
– Секторлор ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгү.
Форум Кыргыз Республикасынын Бакуда өтө турган БУУ РКИК (КС-29) тараптарынын конференциясына катышуусу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
