Бишкектеги жылуулук тармактарынын 75% эскилиги жеткен
Бүгүнкү күндө тармактардын 73-75 пайызынын эскилиги жеткен. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде “Бишкек жылуулук тармактары” муниципалдык ишканасынын башкы инженери Нурлан Кайдуев билдирди.
Анын айтымына караганда, тилекке каршы, тармактардын эскирүү темпи жаңылануу ылдамдыгына караганда тезирээк болууда.
“Кезектеги күз-кыш кампаниясынан авариясыз чыгуу үчүн жыл сайын 15-20 чакырымга жакын тармакты жаңыртып туруу керек. Акыркы 2-3 жылда капиталдык оңдоп-түзөө иштери үчүн бизге жетиштүү акча каражатын бөлүп бере башташты”, – деди ал.
Кайдуев келерки жылдын бюджетинде жетиштүү каражат каралгандыгын айтып, жакынкы келечекте тармактардын баары жаңыланат деп ишендирди.
