Чикагонун борборунда Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлдү - ИА Караван Инфо
Чикагонун борборунда Кыргызстандын мамлекеттик туусу көтөрүлдү

Чикаго шаарынын борборунда 7-октябрда биринчи жолу КРнын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан уюштурулган КРнын мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү. 

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара азыркы Кыргыз Республикасынын эгемендигине карай маанилүү кадам болуп калган Кара-Кыргыз Автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.

Аземге АКШнын өкмөттүк түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, дипломатиялык корпус, кыргыз диаспорасы жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты. Салтанаттуу иш-чарада Чикагодогу КРнын Башкы консулу Болотбек Борбиев куттуктоо сөз сүйлөп, бул тарыхый окуянын кыргыз эли үчүн маанисин баса белгилеп, биримдиктин, салттардын жана маданий мурастын маанилүүлүгүн белгиледи.

Аземдин маанилүү бөлүгү АКШ Мамлекеттик департаментинин Чет элдик миссиялар башкармалыгынын регионалдык директору Линдси Фейр айым жана Кук округунун казыначысы Мария Паппас айымдын сөзү болду. Алар кыргыз диаспорасынын Чикагонун маданий ар түрдүүлүгүнө олуттуу салым кошуп жатканын белгилешип, Кыргызстан менен АКШнын эки тараптуу мамилелеринин мындан ары чыңдала беришине үмүт артты.

Аземдин жүрүшүндө КРнын жана АКШнын мамлекеттик гимндери аткарылып, иш-чаранын кульминациясы кыргыз өнөрпоздорунун улуттук бийлерди жана ырларды, анын ичинде комузда белгилүү күүлөрдү аткаруусу болду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: