Канастота, 2026-жылдын 15-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Казак боксчусу Геннадий Головкин Эл аралык бокс даңк залына (IBHOF) кирген Казакстандын биринчи өкүлү болду. Азем АКШнын Нью-Йорк штатындагы Канастота шаарында өттү.

Головкин биринчи аракетинде эле Мухаммед Али, Майк Тайсон, Флойд Мейвезер жана Мэнни Пакьяо сыяктуу мушкерлердин катарына кошулуп, 2026-жылдын мыкты боксчуларынын катарына кирди.
Ышкыбоз катары казакстандык мушкер 350 беттештин 345инде жеңишке жеткен. Профессионал катары ал 45 жолу беттешип, анын 42синде жеңишке жеткен (37син нокаут менен). Ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA), Дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC), Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) жана Эл аралык бокс уюмунун (IBO) чемпиондук наамдарына, "Ring" журналынын абройлуу куруна ээ болгон жана көп убакыт бою дүйнөлүк фунт-фунт (P4P) рейтингинде алдыңкы орунда турган.

Головкиндин рекорддоруна 23 беттештен турган нокаут сериясы (орто салмактагы тарыхтагы эң узак) жана 21 титулду ийгиликтүү коргогону кирет. Анын эң жогорку нокаут көрсөткүчү (90 пайыздан ашык) Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген.

Бүгүнкү күндө Головкин Казакстандын Улуттук Олимпиада комитетин жана эл аралык World Boxing уюмун жетектейт жана эл аралык спорт федерациясынын президенти болуп кызмат өтөгөн биринчи казакстандык болуп калды.
Сүрөт : RK NOC
