Германиянын Эрфурт шаарында “Кыргыз кызы” скульптурасы орнотулду - ИА Караван Инфо
Германиянын Эрфурт шаарында “Кыргыз кызы” скульптурасы орнотулду

Тюрингия Федералдык аймагынын борбору Эрфурт шаарындагы Эрфурт шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын аймагында “Кыргыз кызы” скульптурасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчилигинен билдиришти. 

Иш-чарага Тюрингиянын премьер-министри Бодо Рамелов, Эрфурт соода-өнөр жай палатасынын президенти Дитер Баухаус, Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышты. 

Скульптура канча убакыт өтсө да, кооздугун жана туруктуулугун жоготпой турган колодон жасалган.

180 см бийиктик ага улуулукту жана таасирдүүлүктү, ал эми туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү символдоштурган 50 см бийиктиктеги гранит постамент скульптурага керектүү салмакты жана салабаттуулукту берип турат.

Маалымат үчүн: “Кыргыз кызы” скульптурасынын концепциясы.

«Кыргыз кызы» скульптурасы өткөн кылымдын 20-жылдарындагы кыргыз элинин жаңыланган турмушунун маанилүү символу болуп саналган Семён Афанасьевич Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы» аттуу атактуу картинасынан шыктанып жасалган.

Скульптуранын концепциясы картинанын символикасына негизделип, кыздын жаңы муундун духун, илим-билимге, эркиндикке жана келечекке ишенимдүү караган, өсүп-өнүгүүнү максат кылып, ал үчүн күрөшүүгө умтулуусун чагылдырат. Жаштык, тазалык жана үмүт менен сугарылган окуучу кыздын дене түзүлүшү – бул баалуулуктардын элеси эмес, аялдын коомдогу активдүү ролуна өтүүнүн символу.

Тарыхтын фонунда турган бул скульптура бизди коомдун эволюциясын чагылдырган өзгөрүүлөрдүн жана умтулуулардын дүйнөсүнө жетелейт. Ошондой эле кыргыз коомундагы аялдардын позициясынын өзгөрүшүн көрсөтүп турат. Чындыгында, арадан 100 жыл өтсө да, аялдардын коомдогу жана үй-бүлөдөгү орду тууралуу талаш-тартыштар бүтпөй келет.

“Кыргыз кызы” скульптурасы өткөндүн мурасын алып жүрүү жана жаркын келечекке умтулууну ойготууга чакырык катары жасалган. Ал Кыргызстандагы аялдардын билим берүү, маданият, экономика жана мамлекеттик башкаруудагы активдүү ролун немис коомчулугуна түбөлүккө калтыруу жана көрсөтүү символикасын камтыйт.

Источник: сайт https://caravan-info.kg/

error: