Үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу. БУУ Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сунуштаган резолюцияны колдоду - ИА Караван Инфо
Үй-бүлөлүк зомбулукту жоюу. БУУ Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сунуштаган резолюцияны колдоду

БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин 57-сессиясынын алкагында тийиштүү мүчө мамлекеттер үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюуга багытталган резолюцияны бир добуштан кабыл алышты.

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан иштелип чыккан демилге Кеңештин бардык мүчө өлкөлөрүнүн колдоосуна ээ болуп, аталган теманын эл аралык аренада маанилүүлүгү жана актуалдуулугу баса белгиленди.

Кыргыз Республикасынын делегациясы өз сөзүндө резолюциянын негизги максаты үй-бүлөдөгү зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алууга жана жоюуга багытталган дүйнөлүк стандарттарды калыптандыруу экендигин белгиледи. Ошондой эле, аталган зомбулуктун чек аралары жана маданий айырмачылыктары жок экендиги жана дүйнөнүн бардык бөлүктөрүндөгү адамдарга таасир тийгизгени баса белгиленди.

Мындай мүнөздөгү, тактап айтканда, үй-бүлөдөгү зомбулук көйгөйүн чечүүгө багытталган резолюция БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин тарыхында биринчи жолу талкууланды ошондой эле бардык мүчө мамлекеттер тарабынан таанылып жана колдоого алынды.

Демек, аялдардын жана кыздардын адам укуктарын жана коопсуздугун коргоодо эл аралык коомчулуктун тилектештигин көрсөттү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: