Үйлөрдүн жана имараттардын айланасын тазалоо иштери саат 7.00гө чейин башталышы керек - мэрия - ИА Караван Инфо
Үйлөрдүн жана имараттардын айланасын тазалоо иштери саат 7.00гө чейин башталышы керек - мэрия

Муниципалдык инспекция Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, күнүмдүк тазалоо иштери эртең мененки саат 7:00гө чейин башталып, кеч киргенге чейин сакталышы керектигин эскертет.

Жашыл аяттарды, бак-дарактарды жана ирригациялык тармактарды тазалоо жоопкерчилиги имараттардын менчик ээлерине, жер пайдалануучуларга, жеке үйлөрдүн ээлерине, ижарачыларга ж. б. жүктөлөт. Эрежелерди бузгандарга  3 000 сомдон 13 000 сомго чейин КРнын “Укук бузуулар жөнундө” кодексинин 114-беренеси боюнча айып пул каралган.

Эгерде имаратта бир нече колдонуучу болсо, жоопкерчилик менчик ээсине же анын өкүлүнө жүктөлөт.

Источник: сайт https://caravan-info.kg/

error: