2024-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын ТИМнин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулунун Кыргызстанда аккредитацияланган чет өлкөлөрдүн элчиликтеринин консулдары менен Консулдук клубдун алкагында жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Тарых музейинде экскурсия форматында уюштурулду.
Жолугушуунун негизги максаты чет өлкөлүк дипломатиялык мекемелердин өкүлдөрү менен кызматташууну бекемдөө жана чет элдик дипломаттарды Кыргызстандын маданий жана тарыхый мурастары менен тааныштыруу болду.
Иш-чарада бир катар актуалдуу маселелер, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдө жүрүү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жарандардын чет жакка чыгуусун жеңилдетүү боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле, жыл ичинде биргелешип кызматташуунун жыйынтыгы тууралуу пикир алмашуулар орун алып, мындан аркы кызматташуунун багыттары белгиленди.
С. Жумакадыр уулу чет элдик консулдарга тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар мамлекеттер аралык байланышты, маданий жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Уюштурулган экскурсия катышуучуларга Кыргызстандын өзгөчө тарыхы жана салттары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берип, маданий мурастын эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисин дагы бир жолу баса белгиледи.
Иш-чара жылуу жана достук атмосферада өттү. Катышуучулар Консулдук клубдун жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүнүн актуалдуулугун жана консулдук маселелер боюнча тыгыз кызматташунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
