Бишкек, 2026-жылдын 21-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Жаратылыш ресурстары, айлана-чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлиги Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги менен биргеликте "Кыргыстан Республикасында абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча эки күндүк окутуу семинарын өткөрдү.

Семинардын негизги максаты – Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда абанын сапатын башкаруу жаатында тажрыйба алмашууну өнүктүрүү, адистердин кесиптик потенциалын жогорулатуу жана абанын сапатын жакшыртууга багытталган натыйжалуу мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга көмөктөшүү.
Окутуу учурунда катышуучулар Корея Республикасынын абанын сапатын башкаруу системасы, атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышын эсептөө жана көзөмөлдөө ыкмалары, абанын сапатын моделдөө жана майда бөлүкчөлөрдөн улам келип чыккан булганууну азайтуу ыкмалары менен тааныштырылды.
Ошондой эле, катышуучулар абанын сапатын жакшыртуу боюнча комплекстүү пландарды иштеп чыгуу, экологиялык саясатты өркүндөтүү жана алдыңкы кореялык тажрыйбаларды Кыргызстандын шарттарына ылайыкташтыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги
