Кыргызстан жана Түркия архив тармагында кызматташат - ИА Караван Инфо
Кыргызстан жана Түркия архив тармагында кызматташат

Кыргызстан жана Түркия архив тармагында кызматташат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жана кыргыз-түрк биргелешкен кызматташтыгын арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аземинин алкагында Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева менен Түркия Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик архивдер башкармалыгынын Директору Мухаммет Ахмет Токдемир Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Архив кызматтарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө Протоколуна кол коюшту.

Бул документ Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы архив багытындагы кызматташтыгын чыңдоого дем берет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: