Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 3,4 пайызды түздү.
Улуттук статистика комитети билдиргендей, мында алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баалар 9,2 пайызга, азык – түлүк эмес товарларга – 2,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 1,4 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер – 7,0 пайызга жогорулады.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) Жалал-Абад облусун кошпогондо, республиканын бардык региондорунда байкалды (0,1 пайызга төмөндөө). Мында баалардын максималдуу өсүшү (4,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда катталды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
