Кыргызстандын элчиси советтик жана россиялык дипломат Кеңеш Кулматовго “Даңк” орденин тапшырды - ИА Караван Инфо
Кыргызстандын элчиси советтик жана россиялык дипломат Кеңеш Кулматовго “Даңк” орденин тапшырды

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев 25-ноябрда мамлекеттик ишмер, советтик жана россиялык дипломат Кулматов Кеңеш Нурматовичке Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы – “Даңк” орденин тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, буга чейин президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесин белгилөөгө байланыштуу К. Кулматовду Кыргыз Республикасынын тышкы  саясатына кошкон олуттуу салымы үчүн “Даңк” ордени менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Элчи мамлекет башчысынын куттуктоо сөздөрүн айтып, К.Кулматовдун дипломатиялык кызматтын калыптанышындагы жана өнүгүшүндөгү баа жеткис ролун, ошондой эле дипломатиялык кадрлардын жаш муунун тарбиялоого кошкон салымын ыраазычылык менен белгиледи.

Өз кезегинде Кулматов Кыргызстандын президентине ыраазычылык создөрүн жеткирүүнү өтүнүп, өлкө жетекчилигинин күч-аракетин жана Кыргызстанда элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, Кыргыз Республикасынын мындан аркы гүлдөп-өнүгүшүн каалады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: