МОСКВА, 2026-жылдын 2-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Москвадагы Поклонная дөңсөөсүндөгү интернационалист жоокерлердин эстелигинде Согуш ардагерлеринин күнүнө арналган салтанат өттү. Бул эскерүү күнү жыл сайын 1-июлда белгиленет.

Аземге Ооганстанда, Сирияда, Египетте, Анголада, Тажикстанда, Вьетнамда, Кореяда, Мозамбикте, Приднестровьеде жана Түндүк Кавказда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери, ошондой эле атайын аскердик операциялардын ардагерлери катышты.
Ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү жана коомдук ишмерлер чогулгандарга кайрылышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ардагерлерге кызматы жана улуттук коопсуздукка кошкон салымы үчүн ыраазычылык сөздөрү айтылды. Согуш ардагерлерин социалдык жактан колдоо маселелери да көтөрүлдү.
Иш-чара интернационалист жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюу жана Ата Мекенди коргоочулар курман болгондорду бир мүнөттүк унчукпай эскерүү менен аяктады.
Сүрөт: "Орусиянын офицерлеринин" басма сөз кызматы
